Келишимге ылайык, Министрлер кабинети орусиялык «РусГидро» компаниясына 37 млн. доллар төлөп бермей болду. Бул иштер аяктагандан кийин Жогорку Нарын ГЭС каскадына инвестор тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
2021-жылы март айында Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин ошол кездеги жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан «Жогорку Нарын ГЭС каскадын» куруу долбоору боюнча Орусия менен соттошсо «утулуп калат» деп билдирген.
2012-жылы Орусиянын каражаты менен башталган «Жогорку Нарын ГЭС каскадынын» курулушу 2016-жылы токтогон. Ага Кыргызстандын «иш жылбай жатат» деген жүйөсүнүн негизинде келишимден бир тараптуу чыкканы себеп болгон.
Орусия бул долбоорго «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган.
2020-жылы май айында Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген. Учурда бул объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.