Кыргызстанда балдарга карата сексуалдык зомбулук эки эсеге көбөйдү

17:14, 08 февраля 2022, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсеге, психологиялык зомбулук үч эсеге, физикалык зомбулук 30% көбөйдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

8-февралда мекеменин жетекчиси Кудайберген Базарбаев Сокулукта сабалып, ушул тапта Бишкектин № 3 балдар ооруканасында жаткан Егорду көргөнү барганда өлкөдө 110 миңден ашык адам оор турмушта жашап жатканын, алардын 360 миңге жакын баласы бар экенин айтты. Президенттин тапшырмасы менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө электр жарыгына болгон баа төмөндөтүлгөнүн да кошумчалады.

7-февралда Акыйкатчы институту былтыр укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө, анын 118и сексуалдык мүнөздөгү укук бузуулар экенин кабарлаган.

Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2 миллион 391 миңди түзөт. Ата-энесинен, жакын тууганынан же бала багуучудан токмок жеп, ооруканага түшкөн учурлар буга чейин деле катталган.

3-февралда Сокулук райондук аймактык ооруканасына 1 жаш 8 айлык наристе денесиндеги көгала тактар менен алып келинген. Окуяга байланыштуу кылмыш иши козголуп, баланы сабоого шектүү катары 34 жаштагы адам кармалган.