Бишкектин эки районунан кайра шайлоого 52 талапкер ат салышат

12:12, 04 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке бир мандаттуу Бишкектеги Биринчи май Свердлов районунан кайра шайлоого 52 талапкерди каттады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Жалпысынан 72 кишиден арыз түшкөн.

Кайра шайлоо 27-февралда өтөт.

Бишкек шаарынын эки районундагы 28-ноябрда өткөн шайлоо «баарына каршы» эң көп добуш берилип, кайра шайлоо дайындалган.