Бир айда дизель майы 2,26 сомго кымбаттады

11:36, 02 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанда дизель майы 2 сом 26 тыйынга кымбаттады. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет билдирет.

Эгерде 1-январда өлкөдө дизель майы 57,9 сом болсо, 1-февралга карата 60,16 сом болду.

АИ-92 майынын баасы 1,33 сомго — 59,21 сомдон 60,54 сомго кымбаттады.

АИ-95 0,53 сомго — 64,73 сомдон 65,26 сомго кымбаттады.

Буга чейин Улуттук банк күйүүчү майдын баасынын өсүшү 2022-жылдагы инфляцияга кошумча салым экенин билдирген.