Кыргызстанга 50 тревел-блогер келет

16:02, 01 февраля 2022, Бишкек - 24.kg

Маданият, маалымат жана туризм министри Кыргызстанга 50дөй тревел-блогерди алып келет. Бул тууралуу министр Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, блогерлер Кыргызстан менен таанышып, көрүнүктүү жерлерине барышат.

Министрликтин маалыматында, өткөн жылы 3,6 миллион турист келген. 2020-жылы 2,4 миллион чет элдик Кыргызстан менен таанышып кетишкен.