Борбор бөлүм болуп түзүлөрү тууралуу маалымат бир ай мурун пайда болгон, анда да бейтаптар бул чечимге нааразылыгын билдиришкен.
Аялдар бул дарт менен күрөшүү өтө оор экенин, кымбат дары-дармектер үчүн алар бардык мүлкүн сатууга аргасыз болуп жатышканын белгилешти.
«Маммологиялык борбордо жол кире үчүн акчасы жок аз камсыз аялдар да дарыланган. Бейтаптар өлкөнүн бардык аймагынан келишкен. Бул борбордо эң мыкты дарыгерлер иштеген. Алар бизди дарылоо үчүн чет өлкөлөрдөн иштөөдөн баш тартышкан. Борборду жабууга болбойт», — деди митингдин катышуучуларынын бири.
Алар ушул тапта эмчек рагы менен жабыркаган 3 миң аял каттоодо турганын, жыл сайын 400 жаңы учур аныкталып жатканын белгилешти.
«Мен бүгүн Онкология борборуна барып, анализ тапшырдым. Кезек укмуш! УЗИге 17-февралга жазылдым. Ал жерде башаламандык жүрүп жатат. Бул үчүн канча төлөө керек экенин билбейм. Эгер борбор биздики болгондо, бүгүн УЗИден бекер өтмөкмүн. Убакыттан уттуруп жатабыз. Биз үчүн ал өтө кымбат», — деди дагы бир бейтап.
Бир ай мурун аялдар саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен президент Садыр Жапаровго маммология борборун жабуудан баш тартууну суранып, кайрылуу жолдошкон.
Маммология борбору бөлүм катары түзүлөрү 2021-жылдын соңунда белгилүү болгон. Саламаттык сактоо министрлиги бул демилгени Онкология борборунун түзүмүн оптималдаштыруу ниети менен түшүндүргөн. Оптимизация идеясын жактагандар бул өзгөрүүлөр кызмат көрсөтүүнүн сапатына терс таасирин тийгизбей турганын айтышкан. Маммология борборун жоюу жөнүндө буйрукка саламаттык сактоо ми