11:27, 28 января 2022, Бишкек - 24.kg
Баткенде кыргыз-тажик чек ара тилкесиндеги куралдуу кагылышка байланыштуу Кыргызстандын күч түзүмдөрүнүн, тийиштүү мекемелеринин өкүлдөрүнөн турган штаб түзүлдү.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенде журналисттерге билдирди. Анын айтымында, чек арадагы окуяга байланыштуу атайын комиссия дагы түзүлөт.
«Чек арадагы кырдаалдан кийин штаб түзүлгөн. Ага бардык мекеме, күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү, жетекчилери бар. Биз саат 11де тажик тарап менен жолугабыз. Анда көп маселелер чечилет. Бул маселелерди президент өзү көзөмөлдөп жатат. Окуяда жарандар, аскер кызматкерлер арасында жоготуу болгон жок, 11 адам жеңил жараат алып ооруканада. Көчүп келген адамдардын бардыгы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, жергиликтүү бийлигинин көзөмөлүндө. Комиссия түзүлгөн, ал бардыгын териштирип чыгат», — деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы учурда чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин кошумчалады.