COVID-19. Ооруканаларда 1 миң 102 адам дарыланууда

11:20, 27 января 2022, Бишкек - 24.kg

Ооруканаларда 1 миң 102 адам дарыланууда. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет.

Мекеменин маалыматында, 6 443 киши үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 197 миң 81 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 185 миң 167 киши айыгып чыкса, 2 миң 862 адам каза болду.

Белгилей кетсек, учуруда өлкөдө вирустун «Омиркрон» штаммы жайылууда.