21:45
USD 87.45
EUR 101.70
RUB 1.08

Казакстанда мунай компаниясынын жумушчулары кайра иш таштоого даярданышууда

Маңгыстау облусунун Каракия районундагы West Oil Software компаниясынын былтыр эки аптадан ашык убакыт иш таштаган кызматкерлери талаптар жазылган жаңы жамааттык келишимге жумуш берүүчү кол койбой жатканына даттанышты.

Жумушчулардын билдиришинче, жетекчилик муну менен аларды дагы иш таштоого түртүп жатат.

«Биз, West Oil Software жоопкерчилиги чектелген шериктештигинин кызматкерлери жана жамааттык келишим түзүү үчүн куралган комиссиянын мүчөлөрү жетекчиликтин колунда курал болуп калуунун каалабайбыз. Эгер West Oil Software жумушчулардын талабын жана тынч келишим шартын аткарбаса, West Oil Software шериктештигине берилген мамлекеттик мүлктү Oil Transport Corporation шериктештигине кайтарып, бизди Oil Transport Corporation түзүмүнө кабыл алууну сурайбыз», - деп айтылат видеокайрылууда.

West Oil Software компаниясынын айдоочусу Садыктын айтымында, төрт айдан бер жумушчулардын талабы аткарылбай жатат.

«Төрт айдан ашык убакыт өттү — келишим болсо жок. Биздин талаптар орундалбай жатат. Анда жолугушууга «КазМунайГаздын» өкүлдөрү да катышкан. Жетекчилик эмнени күтүп жатканы белгисиз. Биз жаңы иш таштоо жөнүндө документ даярдап жатабыз», — деди ал.

West Oil Software «Мангистаумунайгаз» менен энчилеш Oil Transport Corporation компаниясына транспорттук кызматтарды көрсөтөт. Мындан тышкары Жетибай кениндеги скважиналарды тазалайт.

Эң көп окулган жаңылыктар