Мэрия Казакстанда жаракат алган кыргызстандыкка колдоо көрсөттү

09:42, 25 января 2022, Бишкек - 24.kg

Казакстандагы акыркы окуяларда жапа чеккен кыргызстандык Сыдыков Чолпонбекке борбор калаанын мэриясы колдоо көрсөттү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Мэриянын резервдик фондунан 50 миң сом бөлүндү. Азыр ал Бишкек шаардык № 4 клиникалык ооруканасында дарыланууда.

Борбор калаанын мэриясы мекендештин тезирээк сакайып кетишин жана чың ден соолук каалайт.