Орозайым Нарматова: Алар менин мандатымды алды, бирок оозумду жаба алышпайт

13:26, 21 января 2022, Бишкек - 24.kg

Орозайым Нарматова Борбордук шайлоо комиссиясы менен соттошпойт. Бул туралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Ал сот адилеттүү чечим чыгарарынан күмөн санайт.

«Мыйзамсыз чечим чыгарышты. Бирок менин оозумду баса алышпайт. Депутат болбосом дагы жарандык позициямды активдүү билдирип, куугунтукка жана мыйзамсыздыкка каршы күрөшө берем», — дейт Нарматова.

Белгилей кетсек, кечээ БШК Орозайым Нарматованын жогорку билим боюнча дипломуна байланыштуу чырдан кийин анын мандатын кайтарып алды. Нарматованын ордуна парламентке Айгүл Айдарова келет.