Акылбек Жапаров Талас облусуна иш сапары менен барды

13:13, 21 января 2022, Бишкек - 24.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Талас облусуна иш сапары менен барды.

Сапардын жүрүшүндө ал аймактын өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү жыйынтыктары каралуучу Талас облусунун коллегиясына катышат, «Манас-Ордо» комплексине барат, ошондой эле кант заводунун жана сүттү кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышат.

Министрлер кабинетинин башчысы мындан тышкары Киров суу сактагычына барып, «Бала-Саруу» гидроэлектростанциясынын курулуш долбоору менен таанышат.

Сапардын соңунда Акылбек Жапаров магистралдык каналды реконструкциялоо иштери менен таанышмакчы.