Кыргызстан атомдук станция курууга даярданууда

12:02, 21 января 2022, Бишкек - 24.kg , Жазгуль МАСАЛИЕВА

Кыргызстан «Росатом» менен чакан атомдук станцияны куруу боюнча макулдашты. Бул тууралуу аталган корпорациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Дубайда «Экспо-2020» жарманкесинде Россиянын атомдук кубаттуулугу көрсөтүлдү. Анда Кыргызстандын Энергетика министри менен «Росатом» ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Россия Кыргызстанга чакан атомдук станция курууга көмөктөшөт. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык көз-карандысыздыгын камсыздап, илимий-техникалык тармагын өнүктүрүүгө алып келери белгиленет.