10:43, 19 января 2022, Бишкек - 24.kg
Жаңы магистралдык канализациялык коллектордун курулушунун эсебинен шаардык канализация тармагынын кеңейтилишине байланыштуу шаарлыктар борборлоштурулган канализация системасына кошулуу мүмкүнчүлүгүн алды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирет.
Жаңы канализация коллектору Пригородное айылындагы саркынды сууларды тазалоочу жайдан Ахунбаев көчөсүнө чейин (жалпы узундугу — 11 км) өтөт. Коллекторду төшөө боюнча курулуш иштери алты бөлүккө бөлүнөт жана этап менен ишке ашырылат:
Курулуш иштери аяктагандан кийин жаңы коллекторго туташтыруу суроолору боюнча «Бишкекбашкы архитектура» мамлекеттик мекемесинин «Бирдиктүү терезесине» кайрылсаңыздар болот.