10:12, 18 января 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 18-январга карата коронавирус дагы 820 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 600, Ош шаарында — 12, Чүй облусунда — 109, Ош облусунда — 4, Талас облусунда — 14, Нарын облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда — 40, Жалал-Абад облусунда — 9, Баткен облусунда — 29 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 153 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 93, Чүй облусунда — 16, Ош облусунда — 10, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарында үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 967 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 770 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 191 миң 288 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 181 миң 225 киши айыгып чыкса, 2 миң 836 адам каза болду.