ММА мушкери Кубат Хамитов кечээ күнү спорттук ишин жыйынтыктаганын билдирди. Бул тууралуу ал инстраграм баракчасында маалымдады.
Аны 12-январь күнү полициянын атайын бөлүгү күч колдонуп кармап кеткен. Интернетте Кубат Хамитовдун мурду-башы канга боелгон сүрөтү таркаган.
Кубат Хамитов Алмата митингге чыккан элди колдоп, аларды тынчтыкка чакырганын, элдин курчоосунда калган күч түзүмдөрүн коргоого алганын белгилейт.
«Эмнеге кечээ элди террористтерден коргобой, эми бүгүн кармап, уруп-согуп жатасыңар? Биздин кызматкерлер каза болду дейсиңер. Бийлик колго тийгенде күч көрсөттө боло береби?», — дейт ал.

