Душанбенин Сафарали Давлатов аттуу тургунунун айтымында, авиабилет баалары дээрлик саат сайын жогорулап жатат.
«Эртең менен авиакассага барганымда Москвага билеттер 4450 сомони болуп турган. Бир сааттан кийин келсем ошол эле билеттер 4700 сомони болуп кетиптир. Айрым жерлерде 5-6 миң сомониден сатылып жатат. Бааларды орусиялык жана тажикстандык авиакомпаниялар өзүлөрү коюшат. Эмнеге экени белгисиз», — деди ал.
Авиакомпаниялар билеттердин кымбатташын аба каттамдарга болгон суроо-талаптын кескин жогорулаганы менен түшүндүрүп жатышат.
«Орусияда 31-декабрдан 9-январга чейин көпчүлүк мекемелер иштебей же адамдарды өзгөртүлгөн график боюнча кабыл алып жатышты. Мындай шартта мигранттар патент ала албай турганын билгендиктен, көбү Орусияга барууга шашылган эмес. Жаңы жылдан кийин авиабилеттерге суроо-талап кескин көбөйдү. Билет сатып алууну каалагандар канчалык көп болсо, анын баасы да ошончо көтөрүлөт», — деди Орусиянын «ЮТэйр» авиакомпаниясынын өкүлү Хусейн Усмонов.