Тажикстанда кармалган кыргыз жараны кайтарылды
15:37, 11 января 2022, Бишкек - 24.kg
Тажикстанда кармалган кыргыз жараны кайтарылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 29-жаштагы Р. Исмаилов Лейлек районунун Арка айылындагы жолдо 1-ноябрда кармалган.
Эки айдан кийин ал бошотулуп, өткөрүлүп берилди.