Казак президенти Токаев Назарбаевдин кенже кызынын ишканасын сынга алды

12:15, 11 января 2022, Бишкек - 24.kg

Казакстандагы «Оператор РОП» ишканасы жабылышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Касым Жоомарт Токаев билдирди.

Ал аталган ишканага карата сындар көп айтылып жатканын белгилеп, таштандыны топтоо жана жок кылуу тармагын кайра карап чыгууну буйруду.

Белгилей кетсек, «Оператор РОП» Алия Назарбаевага таандык экени айтылып келет. Алия Назарбаева Казакстанда жашыл экономика жаатындагы долбоорлорду жетектеп, колдоо көрсөтүп келет.