Казакстандан 150 кыргызстандык бүгүн Бишкекке жеткирилет

11:06, 11 января 2022, Бишкек - 24.kg

Казакстандан 150 кыргызстандык бүгүн Бишкекке жеткирилет. Бул тууралуу 24.kg агенттигине башкы консул Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз жарандары бүгүн саат 10.00дө Алматадагы консулдук имаратына топтолуп, жолго чыгышты.

Учурда Алмата 4 кыргызстандык кармалууда. Башаламандык учурунда 2 кыргыз жараны каза тапты.