08:56, 11 января 2022, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 11-январга карата коронавирус дагы 348 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 244, Ош шаарында — 7, Чүй облусунда — 38, Ош облусунда — 16, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 22, Баткен облусунда — 7 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 85 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 50, Ош шаарында — 8, Чүй облусунда — 12, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 2, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 475 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 196 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 186 миң 413 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 180 миң 432 киши айыгып чыкса, 2 миң 821 адам каза болду.