Казак журналисти Газиза Раимбек кыргызстандыктардан кечирим сурады

16:37, 10 января 2022, Бишкек - 24.kg

Казак журналисти Газиза Раимбек кыргызстандыктардан кечирим сурады. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасынын сторис бөлүгүндө жазды. 
 
Ал Казакстандын атайын кызматы жана ЖМКнын катачылыгын моюнга алып, кечирим сураган. Ошондой эле, ал кыргыз элинин ар тараптуу колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирген.
 
Белгилей кетсек, Газиза Раимбек музыкант Викрам Рузахуновдун кармалышы боюнча "Казакстан ТВ" таркаткан видео менен бөлүшүп, ар намысына шек келтирген сөздөрдү жазган. Кийинчерек ал посттун өчүргөн.
 
Бүгүн Викрам Рузахунов бошотулуп, Бишкекке жөнөтүлдү.