Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевдин жаңы-жылдык куттуктоосу

14:36, 31 декабря 2021, Бишкек - 24.kg , Татьяна КУДРЯВЦЕВА

Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын элин келе жаткан 2022-жылы менен куттуктады. Ал белгилегендей, өтүп жаткан жыл Кыргызстан үчүн оңой болгон жок. Экономикадагы кырдаалга тышкы таасирлер сезилди. Бирок банк системасы туруктуу бойдон калды.

«Сиздерге чың ден соолук, бакыт-таалай жана ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык каалайм. Жыл жаңы ийгиликтердин, бакубаттуулуктун жана өнүгүүнүн жылы болсун», - деп белгиледи Улуттук банктын башчысы.

Эскерте кетсек, бул Кубанычбек Бөкөнтаевдин КР Улуттук банкынын жетекчисинин статусундагы биринчи жаңы жылдык куттуктоосу. Ал бул кызматка 2021-жылдын сентябрынын аягында дайындалган.