Жогорку Кеңештин төрагалыгына Мамытов менен Мадумаров сунушталды

18:04, 29 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Жогорку Кеңештин төрагалыгына «Ынтымак» фракциясынан депутат Талант Мамытов менен «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан Адахан Мадумаровдун талапкерлиги сунушталды.

Эки талапкер тең Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары.

Парламенттин VII чакырылышынын депутаттары 29-декабрда ант берди. Жаңы парламенттин отурумун шайланып келген депутаттардын эң улуусу, «Ынтымак» партиясынан депутат Шарапаткан Мажитова ачып, алып барууда.