16:14, 28 декабря 2021, Бишкек - 24.kg
Жогорку сот «Альянс» партиясынын Боршайкомго каршы арызын канааттандырды.
БШКнын партиянын мандатын бөлүштүрүү боюнча токтому жокко чыгарылды. Эми Жанар Акаев мандатка ээ болот.
Белгилей кетсек, БШК партиянын мандатын Токтобүбү Оргалчага ыйгаруу боюнча чечим кабыл алган. Аны жокко чыгаруу арызы менен партия сотко даттанган.