Өзбекстан быйыл рекорддук көлөмдө картошка импорттоду

10:26, 28 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Өзбекстан 2021-жылдын 1-январынан 20-декабрына чейин 516,2 миң тонна картошка импорттоду. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 23 пайызга көп.

Өлкөнүн Экономикалык өнүгүү жана жакырчылыкты кыскартуу министрлиги декабрь айында эле Өзбекстан 60,4 миң тонна картошка импорттоонун кабарлады.

2016-жылы Өзбекстан болгону 50 миң тонна картошка сатып алган.

Республиканын Айыл чарба министрлиги 2022-жылы картошка аянтын 122 миң гектарга көбөйтүүнү пландоодо. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 40 пайызга көп.

Өзбекстандын Карантин жана өсүмдүктөрдү коргоо агенттиги маалымдагандай, быйыл өлкө негизинен картошканы Орусия, Казакстан, Пакистан, Иран жана Кыргызстандан сатып алган.