07:23
USD 86.20
EUR 92.12
RUB 0.88

COVID-19. Бир суткада 46 кишиден вирус аныкталып, бир бейтап каза болду

Кыргызстанда 28-декабря карата коронавирус дагы 46 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 19, Чүй облусунда — 10, Ысык-Көл облусунда — 5, Ош облусунда — 4, Нарын облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 5, Баткен облусунда — 2 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 61 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 31, Чүй облусунда — 17, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 8, Баткен облусунда — 1 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 264 бейтап, амбулатордук түрдө 325 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 552 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 680 киши айыгып чыкса, 2 миң 7987 адам каза болду.

Эң көп окулган жаңылыктар