02:01
USD 87.86
EUR 93.94
RUB 1.00

Президенттин маалымат кызматы: «Ысык-Көл» мейманканасын сактап калуу мүмкүн эмес

«Ысык-Көл» мейманканасынын имаратын сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп бербейт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта имаратты сактап калуу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп, ири мейманкана түйүндөрүнө дагы инвестициялоо сунушталган.

Бирок эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген.

Мамлекеттик мекемелердин дээрлик бардыгынын имараттары өткөн кылымдын 50-жылдарында курулуп, дайыма оңдоо жана реконструкцияны талап кылат.

Анын үстүнө Кыргызстан эгемендүүлүк алган жылдары мамлекеттик маанидеги бир дагы административдик имарат курулган эмес.

Мейманкананын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплексти куруу чечими кабыл алынды. Учурда анын максаттуулугу боюнча маселе каралууда.

Эң көп окулган жаңылыктар