21:40
USD 87.10
EUR 99.05
RUB 1.07

«Ош» аэропортуна коно турган учактар Бишкекке жөнөтүлүүдө

«Ош» эл аралык аэропортунда 2021-жылдын 27-декабрында саат 08:00дөн тарта коюу туман байкалууда.

«Манас» аэропортунун маалымат кызматынан билдиришкендей, аба ырайынын начардыгынан улам бир нече каттамдардын учуп кетүүсү жана учуп келүүсү кармалууда.

Алсак, Бишкектеги кошумча аэродромго 2 учак конду – Москвадан «Аэрофлот» жана Челябинскден «Уральские авиалинии». Ошондой эле ички каттамдары да кармалууда.

Аба каттамдары боюнча маалыматты «Манас» жана «Ош» аэропортторунан төмөнкү номерлер аркылуу тактап алсаңыздар болот: «Манас» - 0 312 693109 жана «Ош» - 0 3222 90101.

Эң көп окулган жаңылыктар