Түркмөнстандын батышында төрт жарандан «омикрон» аныкталды

09:24, 24 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Түркмөнстандын Балкан облусунда коронавирустун тарашына каршы карантин чаралары күчөтүлү. «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы менен маектешкен медицина кызматкеринин айтымында, буга Казакстандан келген түркмөн жарандарынан COVID-19дун «омикрон» түрүнүн табылышы себеп болду.

«Бекташ карантин зонасында Казакстандан келген төрт жараныбыздан COVID-19дун «омикрон» версиясы аныкталды», — деди ал.

Дарыгер түркмөн-казак чек арасы эки апта мурун ачык болгонун жана Казакстанда калган түркмөн жарандарынын өлкөгө киришине уруксат берилгенин белгиледи. «Омикрон» штаммы табылгандан кийин чек ара жабылган.

21-декабрда Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухаммедов тиешелүү түзүм башчыларына өлкөгө «омикрондун» киришине жол бербөөнү тапшырган.

22-декабрдан баштап Түркмөнбашы шаарынан Ашхабадга жол алган жүргүнчүлөр COVID-19га карата дароо эки тест тапшырууга милдеттендирилди.

Жаңы талап боюнча тесттин мөөнөтү 24 сааттан ашпоосу керек. Ар бир тест 101 манат (29 доллар) турат.

Жаңы талаптардан кийин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын шаардык бөлүмдөрүндө узун кезектер пайда болууда.