Чүйдө бир айдан бери дайынсыз болгон 13 жашар Бакыт Иманалиев изделүүдө

17:32, 21 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Чүй районунда дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Бакыт Иманалиев изделүүдө. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Бакыт Иманалиев мектеп-интернатынан 28-ноябрда чыгып, кайра кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 145-150 см, толук, чачы кара.

Кийими: көк куртка, кара спорттук шым, ак-боз түстөгү спорттук бут кийим.

Фото

«Бакыт Иманалиевдин жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматыңар болсо (312) 60-73-87, (501) 74-66-00 номерлерине кайрылууңуздарды суранабыз», — деп айтылат маалыматта.