USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

УКМК мурдакы президент Аскар Акаевге дагы кошумча айып тагууда

15:40, 21 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

УКМК мурдакы президент Аскар Акаевге каршы иликтөөнү улантууда. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Аскар Акаевге 1992-жылы «Камеко» компаниясы менен башкы келишимди түзүү жана 2003-жылы «Кумтөр» долбоорун кайра кароо боюнча жаңы айып тагылды.

Аскар Акаев өзүнүн күнөөсүн толук мойнуна алып, тергөө менен активдүү кызматташууда. Анын Бишкеке учуп келиши жана кайра учуп кетиши тергөө менен макулдашылган.

УКМК.

УКМК Аскар Акаевге карата кылмыш иши токтотулганы боюнча маалыматты четке какты.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев орусиялык журналисттерге маалымат берип, анда ага карата кылмыш иши токтотулуп, анын «Кумтөр» боюнча кылмыш ишине катышы далилденбегенин белгилеген.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика