Нарын облусунда унаадан аялы менен күйөөсүнүн жансыз денелери унаанын ичинен табылды. Бул тууралуу аймактык Ички иштер башкармалыгы билдиришти.
Маалыматка караганда, 20-декабрь күнү Ат-Башы районундагы айылдардын биринен гаражга токтотулган унаанын ичинен жансыз денелер табылган. Алар 1980-жылы жана 1982-жылы туулган жубайлар болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жубайлар газга ууланган. Алардын 5 баласы калды.