14:38, 21 декабря 2021, Бишкек - 24.kg
2022-жылы Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаевдин Тоолуу Кыргыз облусун түзүү долбоорунун 100 жылдыгы белгиленмекчи. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун 120-жылдыгын белгилөө салтанатында билдирди.
Бул иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү пландалууда.
«Мына ушундай асыл максаттарга жетүү менен элибиздин ынтымагын түптөп, коомчулуктагы бөлүнүп-жарылууга жол бербейбиз! Ынтымак бар жерде ырыс бар! Жусуп Абдрахмановдун жана анын санаалаштарынын бизге калтырган улуу мурасын аздектеп, сактайлы! Бекем ынтымак менен гүлдөгөн Кыргызстанды куралы!», — дейт президент.