Президент Садыр Жапаров Индияга иш сапар менен барат

14:03, 20 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Президент Садыр Жапаров Индияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө башчысынын иш сапары 2022-жылдын январь айында болот.

Кызматына киришкенден бери Садыр Жапаров, Москва, Ташкент, Ашхабад, Стамбулга расмий сапар менен барып келди.