12:29, 20 декабря 2021, Бишкек - 24.kg
Мурдакы президент Аскар Акаев Москвага учуп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Бекболот Талгарбеков билдирди.
Анын айтымында, тергөө тобу Аскар Акаевдин үй-бүлөсү «Кумтөр» долбоорунун алкагындагы жемкорлук иштерине тиешеси жок деп тапты.
«Аскар Акаевлин Centerra Gold Inc. компаниясына бир да акциясы жок. Анын бул кылмышка тиешеси жок болгондуктан айып алынды», — дейт Бекболот Талгарбеков.
«Кумтөр» кылмыш ишинин алкагында дагы бир суроолор жаралса, Аскар Акаев Кыргызстанга келип, күбө катары жооп берет.