Садыр Жапаров аялы Айгүл Жапарованы коргоп чыкты

12:55, 17 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

«Айгүл Жапарова депутаттардын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы», — деп билдирди Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында.
 
Өлкө башчысы Токтобүбү Оргалчаны Айгүл Жапарова менен байланыштырууну аракетин кескин сынга алды.
 
«Аны Айгүл Жапарова эмес, атасы да тааныбайт. Мурда «Эл Үмүтү» партиясына чаптап жүрдүңөр эле, эми «Альянс» партиясына чаптайсыңарбы? «Альянс» партиясы өздөрүн оппозициялык партиябыз деп жүрүшпөйбү? Айгүл Жапаровна депутаттын тагдырын чечмек турсун, бир уборщицаны да кызматка койгон жок жана койбойт дагы. Анын бир эле иши бар — жетим- жесирлерге жардам берүү.
Мындан ары ушундай ушактардан алыс болушуңуздарды суранамын. Эң кызыгы бир ай бою жетелешип алып, эл кыдырып, бири-бириңерди оозуңар талганча мактап жүрүп, анан эми бүгүн кайра «шпион, уйгур, четтен келген» деп жамандап калганыңар кудайга да жакпайт», — дейт ал.
Фото

Белгилей кетсек, Боршайком кечээ мандаттарды бөлүштүрүү боюнча атайын токтомго өзгөртүү киргизди. Ага ылайык Жанар Акаевдин ордуна мандат Токтобүбү Оргалчага берилди.

Токтобүбү Оргалча 1972-жылы Кытайда төрөлүп, 2015-жылы Бишкекте «Шыдыр жол КейДжи» жана «Мега Компани» ишканасын түзгөн.

Эскерте кетсек, «Шыдыр жол КейДжи» ишканасынын автобустары 2020-жылдын октябрь айында митингчилерди ташып, кийин жайында Бишкек шаарында маршруткалар иш таштаган учурда «Үмүт булагы» фонду дал ушул ишкананын автобустары менен элди бекер ташыган.

Белгилей кетсек, «Үмүт булагы» фондун Айгүл Жапарова жетек