14:48, 16 декабря 2021, Бишкек - 24.kg
Аялдар негизинен өз өнөктөшү — жубайы тарабынан запкы жейт. Жана эң өкүнүчтүүсү, мындай көрүнүштөргө коом да, айрым учурларда укук коргоо органдары тарабынан да үй-бүлөнүн ички иши катары мамиле жасалат.
Бул жааттагы укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу максатында кыргыз делегациясы Казакстанда тажрыйба алмашуу сапары менен болуп кайтты. Сапар учурунда Кыргызстандын ИИМ өкүлдөрү жана ИИМ Академиясынын окутуучулары Казакстандын ИИМ бөлүмдөрүндө болуп, кризистик борборлордун иши менен таанышышты.
«Аялдарды зомбулуктан коргоо боюнча бөлүмчөлөрдүн ишмердүүлүгү өтө чоң кызыгууну жаратты, алардын криминалдык полиция, тергөө органдары, ювеналдык полиция жана аялдар иштери боюнча Комиссия менен биргелешип иш алып барганы кызык болду. Казакстан үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулук учурларына карата полиция кызматкерлеринин туура реакция кылуу боюнча түштук-кореялык методиканы өздөштүрүп жатыптыр, бул тажрыйба да биз үчүн абдан маанилүү болду. Атайын тренингден өтүп, казакстандык кесиптештерибиз иштеп чыккан үй-бүлөлүк жана сексуалдык зомбулукка каршы аракеттенүү боюнча окуу программасын изилдеп чыктык. Биз атайын курсту иштеп чыгууда бул материалдардын баарын эске алабыз», — дейт КРнын ИИМ Академиясынын жетекчисинин орун басары Арзыгүл Жоробекова.
«Анализ көрсөткөндөй, Кыргызстан менен Казакстандын укук жаатында аялдарга карата зомбулуктарга байланыштуу көп окшош учурлар бар. Ошондуктан, сунушталып жаткан методдор менен тажрыйбалар бири-бирине дал келет. Эки өлкөнүн тең тажрыйбасын ала турган болсок, бейөкмөт уюмдар, кризистик борборлор, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен тыгыз иштешүү абдан маанилүү. Ошондой эле, биздин көйгөйлөрүбүз да окшош: маселен, милиция органдарына ишенимдин жоктугу, зомбулукка кабылгандарга ар тараптуу жардам көрсөтүү системасынын жакшы өнүкпөгөндүгү», — дейт ал.
Казакстанда кризистик борборлорго болгон мамлекеттик колдоонун өтө жогору деңгээлде экени катуу таасир калтырды. Мындай борборлордо үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккендерге комплекстүү колдоо көрсөтүлөт экен: медиктер, психологдор, юристтер жана балдар үчүн тарбиячыларга чейин.
Арзыгүл Жоробекова