Сургутта жардыруудан үч кыргызстандык жабыркады

09:43, 16 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Сургуттагы жардыруудан үч кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Алардын маалыматында, 15-декабрь күнү кечке жуук техникалык тейлөө борборунда жардыруу болду.

Жыйынтыгында 10 киши ар кандай жаракат алды. Алардын үчөө кыргыз жарандары. Жабыркагандар шаардык ооруканага жеткирилди.