«Москвада мындай иштерге катышкан 400дөй кишиге карата административдик чара көрүлдү. Алардын Орусияда жүрүүсүнө каршы чечим чыгып, депортацияланышты. Орусиянын эшиги алар үчүн 40 жылга жабылды», — деди ал.
Анын айтымында, Москвада ушул тапта 1 млн 33 миң мигрант бар, алардын 82% иштейт. Мигранттардын 31 пайызы Өзбекстандан, 26 пайызы Тажикстандан жана 25,4 пайызы Кыргызстандан келгендер.
Быйыл август айында Москва мэри Сергей Собянин Орусиядан 200 мигрант депортацияланганын, 800үнө ар түрдүү берене боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган.