COVID-19. Бир суткада 39 кишиден вирус аныкталып, эки бейтап каза болду

09:03, 16 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда 16-декабря карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 18, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 43 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 22, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 13, Ош облусунда — 2, Талас облусунда — 1, Ысык-Кол облусунда — 2, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 313 бейтап, амбулатордук түрдө 351 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 94 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 166 киши айыгып чыкса, 2 миң 777 адам каза болду.