COVID-19. 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы келди

10:45, 15 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанга Кытайдан 1,5 млн доза «Sinopharm» вакцинасы келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Өткөн бир суткада 9 миң 341 адам эмделди. Анын ичинен 4 миң 131 биринчи дозаны, 5 миң 210 адам экинчи дозаны алды.

Жалпысынан өлкө боюнча 1 миллион 169 миң 575 адам коронавируска каршы эмделди.