10:32, 15 декабря 2021, Бишкек - 24.kg
Бишкекте Башкы прокуратуранын кызматкери кармалды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
УКМК ага карата жемкорлук айыбы менен иш козгогон.
Башкы прокуратуранын кызматкери менен бирге «Бишкек машина курулушу заводу» ачык акционердик коомунун кызматкери дагы кармалды.
Маалыматка караганда, кылмыш иши Сокулук районундагы жер тилкесин бөлүштүрүүгө байланыштуу.