COVID-19. Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды

14:39, 14 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Бишкектег №56 мектеп карантинге жабылды. Бул тууралуу брифингде вице-мэр Виктория Мозгачева билдирди.

Анын айтымында, мектепте эки учур катталган. Андыктан эрежеге ылайык мектеп карантинге жабылды. 

Бир мугалим менен окуучу ооруп калган. №56 мектептин 5 жана 11-класстары онлайн окууга которулду. 

Вице-мэрдин маалыматында, №56 мектептен сырткары, дагы үч класс онлайн окууга өттү.