Министрлик Өзбекстандагы кыз-келиндер көчөлөрдө, жумушта же окууда асылууга туш болсо, үйлөрүндө жакындарынын же күйөөлөрүнүн зомбулугунан жапа чегерин белгиледи.
Мыйзамда «кимдир бирөөнүн изине түшүү», «артынан түшүү» деген түшүнүк жок болгондуктан кыз-келиндерди коргоонун механизми дагы жок дейт аталган мекеме. Ал эми корголбой калган аялдар коркуу сезимине, депрессияга чалдыгышат.
Расмий маалыматтарга караганда, Өзбекстанда бүгүнкү күндө зордук-зомбулукка кабылган 36 миңге жакын аял коргоо ордерин алышкан. Бирок өлкөдө аялдарды реабилитациялоо жана адаптациялоо боюнча 29 гана борбор бар. Бул зордук-зомбулукка кабылган бардык аялдарды толук камтууга мүмкүндүк бербейт дейт министрлик.