Тажик эмгек мигранттары үчүн Орусия негизги багыт бойдон калууда жана жумуш издеп кеткен тажикстандыктардын 95% дал ушул өлкөгө барышат. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Тажикстандын эмгек, миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу министринин орун басары Шахноза Нодириге шилтеме кылып кабарлады.
«Баарынан да тажикстандык эмгек мигранттары Иркутск, Чита, Новосибирск, Ростов-на-Дону, Санкт-Петербург шаарларына, ошондой эле Москва жана Ленинград облустарына көп барышат», — деп билдирген Нодири.
Анын айтымында, тажик мигранттарынын калганы негизинен Казакстанга, Украинага же Түркия, Бириккен Араб Эмираттары сыяктуу алыскы өлкөлөргө кетишет.
Тажикстандын Миграция кызматынын маалыматына караганда, 2021-жылдын он айында 331 миңден ашык тажикстандык иш издеп Орусияга кеткен. Орус бийлиги бүгүнкү күндө өлкөдө 1 597 481 тажик жараны миграциялык каттоого алынганын билдирүүдө.
Шахноза Нодири бул сандардын дал келбестигин «мигранттардын көбү орус жарандыгына ээ экендиги жана Орусияга учуп барганда алар орус жараны катары каттоодон өтө тургандыгы» менен түшүндүрдү.
Тажикстан менен Орусиянын ортосунда кош жарандуулук тууралуу келишим бар.
Эмгек миграциясы Тажикстан экономикасынын негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп эсептелет — мигранттар жыл сайын мекенине миллиарддаган доллар которуп турушат. Расмий маалыматтарга ылайык, 2019-жылы алар Тажикстанга 2,7 миллиард доллар которгон. 2020-жылы Орусиядагы коронавирустук чектөөлөргө байланыштуу бул сумма кыйла азайган.