09:31, 13 декабря 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда 13-декабря карата коронавирус дагы 26 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 21, Ош облусунда — 1, Баткен облусунда — 4 адамдан илдет табылган.
«Ал эми бир суткада 31 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 20, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 4, Баткен облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.
Сутка ичинде каза болгон бейтаптар катталган жок.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 350 бейтап, амбулатордук түрдө 3486 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 991 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 40 киши айыгып чыкса, 2 миң 766 адам каза болду.