Жасалма эмдөө сертификаттарынан улам дарыгерлер иштен алынды

16:04, 10 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

Саламаттык сактоо министрлиги коронавируска каршы вакцина алгандыгы тууралуу жасалма сертификат берилген фактылардан улам бир катар дарыгерлер иштен алынганын билдирди.

Ага ылайык, Бишкектеги № 2, № 8, № 10, № 11, № 19, 20 медицина борборлорунун жетекчилери, бир медайым иштен алынды. Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору боюнча бөлүм башчы өзү жазган арыздын негизинде кызматтан кетти.

Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 7-декабрда эмдөө сертификаттарынын сатылышын иликтеген комиссия түзүлгөнүн билдирген. Мунун алдында айрым журналисттер вакцина тууралуу жасалма маалымдамалар берилип жатканын иликтеп чыккан.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөөнүн жеке QR-код ыйгарылган санарип сертификаттар 2021-жылдын июль айынан тартып берилет. Документти COVID-19га каршы эмделгендер, акыркы 6 айда коронавирус менен ооругандар же ПЦР тесттин үч күнгө жарактуу жыйынтыгы барлар алышат.

Кыргызстанда 18 жаштан өткөндөргө коронавируска каршы эмдөө кампаниясы 2021-жылдын 29-мартында башталган. 18-ноябрдан баштап 16 жашка толгондорго вакцина алууга уруксат берилген. Препараттын кошумча дозалары алынып келингенде 12 жаштан баштап алса болору айтылган.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. Вакцина бир адамга эки дозада берилет, арылыгы 21 күн болууга тийиш. Каалоочулар үчүнчү (бустер) дозаны да алат.