Кыргызстанда бюджеттин жетишсиздиги 2022-жылы 9,1 миллиард сомду түзүшү мүмкүн
13:49, 10 декабря 2021, Бишкек - 24.kg
Кыргызстанда бюджеттин жетишсиздиги 2022-жылы 9,1 миллиард сом, же ички дүң өндүрүмдүн 1,3 пайызын түзүшү пландалууда. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, эмки жылы казынан чыгымы 212 миллиард 685,2 миллион сом, кирешеси — 203 миллиард 563 миллион сомду түзот.
Министрдин божомолунда, 2023-жылы дефицит азайып, 2024-жылы гана бюджет 8,3 миллиард сом профицитке жетишет.