«Жер-Ынтымагы» жаңы конушунун тургундарына үйлөрүнүн техпаспорту бериле баштады

11:05, 09 декабря 2021, Бишкек - 24.kg

«Жер-Ынтымагы» жаңы конушунун тургундарына үйлөрүнүн техпаспорту бериле баштады.

Үйлөрдүн документтерин даярдоо 6-декабрда башталган. Техпаспорт алгандан кийин жаңы конуштун тургундары каттоого туруп, мектепке барып, бейтапканага карала алышат.

Жаңы конуш 2007-2008-жылдары курула баштаган.